Чолпон Орозобекова , Бишкек Атуулдук коом өкүлдөрү бүгүн билдирүү жасап, президентти жаңы Конституцияга кол койбогонго чакырышты. Кайрылууда 30-декабрда парламент бул Башмыйзамды мыйзамдуулуктун бардык нормаларын бузуу менен кабыл алды деп айтылган. Бирок келе жаткан аптада президент Конституцияга кол койот деген маалыматтар бар.
9-ноябрда кабыл алынган Башмыйзамга караганда жаңы Конституция атуулдардын укугун жана эркиндигин чектейт дешет укук коргоочулар. “Атуулдар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун юристи Нина Зотованын айтымында, адамдын укугун коргоого кепилдиктер боюнча эң башкы нормалар алынып салынган.
“Мисалы, Конституциялык сот адам укуктарын коргоо боюнча атуулдардын арыздарын карабайт, Жогорку соттун айрым чечимдеринин үстүнөн арыздануу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды”,- дейт Нина Зотова.
Ушул жана башка толгон - токой себептерди негиз кылып укук коргоочулар президентти бул Конституцияны четке кагууга чакырышат.
“Интербилим” уюмунун лидери Асия Сасыкбаеванын пикиринде, бул түзүлгөн кырдаал президенттин жоопкерчилигинде:
- Президент эки жылдын ичинде мамлекетте кырдаалды курчутту. Мансабын күчөтөм деп, депутаттарды зордоп митинг аркылуу элдин эрки менен кабыл алынган Конституцияны бырчалап атат. Коопсуздук кеңешти пайдаланды. Элди сокур, дүлөй жана макоо деп ойлойт окшойт,- дейт Асия Сасыкбаева.
Бүгүн парламенттин отурумунда президент Конституцияга дүйшөмбү күнү кол кое тургандыгы айтылды. Демек, президент Коопсуздук Кеңештин чечимине таянганы калды көрүнөт. Бирок мындан трагедия жасаштын кажети жок деген да укук коргоочулар бар.
“Демокартия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын лидери Эдил Байсалов учурда кеп башкада дейт: -Трагедия кылбайлычы, бири бирибизди акыр заман менен коркутпайлы. Азыр кеп Конституцияда эмес, Куловдо да, Хипиктин да тегерегинде да эмес. Бийлик куугунтуктоолорду токтотушу керек. Азыр көрүнүктүү саясатчылар, инсандар бизди жөн койобу, же жок кылабы деп коркуп атышат. Ошондуктан токтоп, айланага баам салып, ойлонуп иш кылалы, шашылбасак азыр тил табышып кырдаалды оңдоп кеткенге болот.
Соңку кырдаалды карап отуруп көпчүлүк байкоочулар кандай болгон күндө да эң башкысы башаламандык токтотосо эле болду деген маанайда отурушкандай. Саясат таануучу Карыбек Байбосунов Конституция жазуучулардын марафону токтосо болот эле дейт:
- Конституцияга тез кол коюп, эмне болсо да бир вариантын бүтүрүш керек болуп калды. Эки жылдан бери Конституция эле жазып атабыз, Конституция жазгандардын марафонун токтотпосок болбой калды. Бир жагынан алып караганда Кыргызстан Конституциясы жок эле жашаса болот окшойт, себеби ансыз деле мыйзамды анча деле тоготпогон калк экенбиз,- дейт Карыбек Байбосунов.