Ирандын өкмөттүк “Сепах” банкы АКШнын Каржы министрлигинин банк каруу жарак программасын каржылоодо деген билдирүүсүн четке кагып, америкалык финансы органдар “кара тизмеге” кошсо дагы, банк өз ишмердүүлүгүн токтотпойт деди. Вашингтон “Сепах” банкы менен америкалык компаниялардын ортосундагы баардык иштерге тыюу салып, банктын АКШдагы эсептерин жапкан.