Мунайдын баасы дагы түштү

Шаршемби күнү Нью-Йорктун биржаларында бир барель мунайдын баасы 54 доллар 2 центке сатылды. Бул акыркы 19 айдагы эң арзан баа. Анын себебин серепчилер аба-ырайынын жылуу болушу менен түшүндүрүүдө.