15:40 «Кыргызстанды сактоо» кыймылынын жыйыны Тарых музейинде башталды

Кыймылдын демилгечилеринин бири Сагынбек Момбековдун билдирүүсүнө караганда, кыймыл алгачкы жыйынында ХИПК программасына кирүүгө каршы, конституцияны коргоо маселесин козгойт. Кыймыл мүчөлөрү 1993-жылы кабыл алынган конституция мыйзамсыз өзгөртүлүп отуруп, аягы кейиштүү болуп жатат. Ошондуктан укуктук талаага келүү 1993-жылкы конституциянын негизинде болуш керек деген маселени коюлууда, дейт Момбеков. Жыйынга Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, 15 тей коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү катышууда. (AiT)