АКШ Сомалиде “аль-Каиданын” ыктымал базаларына каршы абадан сокку урганын Пентагон тастыктады

Пентагондун өкүлү Брайн Витман жүргүзүлгөн операциянын чоо-жайын түшүндүргөн жок. Сомалинин убактылуу өкмөтү бул операциянын натыйжасында кеминде 30 киши набыт болгонун билдирди. Сомалинин Президенти Абдуллахи Юсуф АКШ аба соккуларды баштоого укуктуу болчу деп белгиледи.