Саддам Хусейнди дарга асууну уюлдук телефондогу видеокамерага тартып алган адам камакка алынды

Бул туурасында Ирак бийлиги маалымдады. Өкмөттүн өкүлү кармалган адам сот алдында жоопко тартылаарын айтты. Ирактын мурдагы президентинин мойнунда жиптин издери жана замбилде жаткан денеси көрсөтүлгөн тасма өкүмү аткарылгандан кийин интернетте пайда болгон.