Варшаванын дагы бир жогорку даражалуу диний кызматкери кызматынан кетти

Януш Беланскинин коммунистик бийлик менен кызматташканы белгилүү болгондон кийин, ал жумуштан кетүү жөнүндө арызын тапшырды. Ушундай эле себеп менен 2 күн мурун Варшаванын архиепискобу Станислав Вельгус дагы кызматтан кеткен. Януш Белански Краков шаарында кафедралык чоң чиркөөнү жетектөөчү.