ОСАМА БИН ЛАДЕН ДЕГИ КАРМАЛАБЫ?

АКШ 2001-жылы 11-сентябрдагы теракттардан кийин издөө салган Осама бин Ладен жакында табылаарына ишенгендер андан бери азайбаса, көбөйгөн жок. “Ал-Каиданын” жолбашчысын издөө менен түздөн-түз 6 жыл бою алектенген АКШ Борбордук чалгындоо башкармалыгынын экс-агенти Майкл Шоер ЦРУдагы кызматынан 2004-жылы чегинген. Ушу тапта Си-Би-Эс телеканалынын терроризи боюнча аналитиги. Ал жакында “Азаттыктын” кабарчылары менен аңгемелешти.
Майкл Шоер 2000-жылдардын башында Ооганстан, Пакистан жана башка өлкөлөрдө № 1 террорист Осама бин Ладенди издеген топту жетектеген. 2004-жылы ЦРУдагы кызматынан кеткенден бери Батыш мамлекеттеринин терроризмге каршы согушун сындаган эки китеп жазды. Азыр да бин Ладен күтүүсүз жерден табылып калаарынан күмөн санаарын айтат.

-Мен азыр да биз Осама бин Ладенди табуу жагынан колдон келген аракетти жасап жатабыз деген ойдомун, бирок ал жердеги кырдаалды алганда, бул иш аягына чыгаарынан үмүт аз. Бин Ладен дүйнөдө топографиясы эң татаал аймакта жашап жатат. Карта боюнча ал жерде кишини эмес, чоң курулуш жайды табуу кыйын. Андан сырткары ал өзүнө кастыгы жок, тескерисинче аны ислам дүйнөсүнүн баатыры эсептеген адамдар арасында жашап атат.

ЦРУда 22 жыл иштеген Шоер АКШ күчтөрүнүн Ооганстандагы аракеттери саясий багытка бурулганын айтат.

- Менимче, баарынан башкысы – ушу тапта Ооганстандагы АКШ жана НАТОнун күчтөрү Осама бин Ладенди издегенден көрө Хамид Карзайдын өкмөтүн колдоо, аман сактап калуу аракетинде. Ооганстанда окуялар агымы бизден тескери бурулду, андыктан бин Ладен жакынкы келечекте кармалат, же өлтүрүлөт деп айтуудан алысмын.

-Бирок АКШ президенти Жорж Буш Бин Ладенди кармоо – терроризмге каршы согуштагы башкы жеңиш болмок деп кайталап келатпайбы?

-Ооба, Бин Ладен согуштун символуна айланды, бирок бул согуш терроризмге каршы күрөшкө аз эле пайда алып келди. Американын саясий лидерлери – демократтар менен республикачылар беш жылдан бери бул согуштун максат-милдети жөнүндө талашып келатат. Алар бин Ладен, Ал-Каида жана алардын өнөктөштөрү Американы, анын демократия, эркиндиктерин, гендердик тең укуктуулугун жок кылууну көздөйт деп кайталап келатат. Согуш бул баалуулуктарды сактоодо дээрлик үзүр берген жок. Душмандын бизге болгон кастыгынын себебин жана ниетин жакшылап түшүнбөстөн, ага чабуул коюу канчалык татаал экенин аңдабай туруп баарын баштап алдык.

- Иракта согуш ачып, АКШ өз душмандарынын санын көбөйткөн жокпу?

- Душмандарыбыз көбөйдү, биз аны атайлап жасаган жокпуз. Бул согушту башка жетекчилер жакшы жүргүзмөк деп ойлобойм. Бирок биздин жетекчилерден бирөө да батынып, биз ислам дүйнөсүнө куралчан барганыбыз душмандын кылычын кайрады деп айтып эрдик кылган жок. Ирактагы согуш Осама бин Ладен менен Ал-Каиданы жөнөкөй киши, же уюмдан кеңири философияга айлантып жиберди. Эми биз дүйнөнүн ар тарабында исламчыл согушкерлерге туш болуп, 11-сентябрдагы теракттардын алдындагы кырдаалга караганда кыйла коркунучтуу акыбалга кептелдик.

- Сиз экинчи китебиңизде Ирактагы согуштан кийинки, болочок окуяларга токтолгон экенсиз. “АКШ жана ислам согушкерлери Ирактан кийин” деп аталат, мунун маанисине токтоло кетсеңиз.

- Мен биз Иракта жеңилдик деген ойго келгендиктен жаздым бул китепти. Менимче, ушу тапта ислам дүйнөсүндөгү оппоненттерибиз 2-ири империяны жеңгенин айтсак болот. Буга чейин алар Ооганстанда Советтер Союзун багындырган, эми ошол эле өлкөдө бизди жеңип отурат.