Бул тууралуу өкмөт үйүнөн бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, премьер-министрдин талапкерлиги парламентте каралгандан кийин өкмөттүн калган мүчөлөрү аныкталмакчы. Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов да келерки жумада өкмөттүн курамы парламентке сунушталаарын бүгүн белгилей кетти.