Жаңылыктар Ооганстанда орто мектептин директору өлтүрүлдү 8-Январь, 2007 Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, мотоцикл минген эки адам Абдул Рахим мечиттен чыгып келе жаткан жеринен атып кеткен. Окуя Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясында болгон, Бийликтер муну террордук кол салуу деп атады.