Таласта 1995-жылы белгиленген «Манас-1000» мааракесинин тегерегинде чыккан нааразылыктар азыркы учурга чейин чечилбей келет. «Манас ордо» комплексинде жайгашкан музейди курган мекеме-уюмдар бүгүнкү күнгө чейин өздөрүнө тиешелүү акча маяналарын өкмөттөн ала албай келишүүдө.
“Манас-1000” мааракесин өткөрүү боюнча 1992-жылы президенттин буйругу чыккан. “Манас ордо” комплексиндеги курулуш иштер республикалык, облустук жана райондук курулуш уюмдар тарабынан 1994-жылы башталып, 1995-жылы толугу менен бүткөн. Ошол кездеги курулуш иштеринин башында турган Аманбек Баязов аксакалдын айтымында, Талас жерин дагы бир топ оңдоп алсак болмок, айрым жетекчилердин начар иштегенинен улам көп иштер аткарылбай калды деп “Азаттыкка” арманын айтты:
- Биздин мэрибиздин туура эмес жагдайынан шаарда эч жумуш жасалган жок. Жол да оңолбой калды. Ошону комплекстүү чечип алып, “Манас-1000ге” киргизип Талас шаарында да чоң курулуштарды баштап жиберсе болмок. Ушундай иштер пландаштырылган да жок. Шаардын мэри айтты өз күчүбүз менен жасай беребиз деп.
“Манас ордо” улуттук комплексин курууга жумшаган акча каражаттарынын так санын алууга кыйын. Себеби, ошол кезде жалпы республика жана облустук тургундар тарабынан ашар жолу менен жардамдар көрсөтүлгөн. Комплекстин ичинде жайгашкан музейдин имаратын курган “Ак чий” акционердик коомдун жетекчиси Саадакан Эсенбекова бүгүнкү учурга чейин өкмөттөн курулуш иштерине жумшаган карызын төлөп берүүсүн талап кылып, үмүтүн үзбөй келет:
- 1995-жылы миң жылдыкты өткөрүүгө, музейдин курулушун бүткөрүүгө 4 млн. акча каражаты каралган. Курулуш 5 млн. 184 миңге турду. Материалдардын алмашкан себебинен 1 млн. 184 миң акча төлөнбөй калып калды. Бул боюнча кайрылбаган жерибиз калган жок. Акаевге да кайрылганбыз, премьер- министрге чейин кат жазганбыз. Төлөп береби деп үмүт кылып жазбаган жерлерибиз калган жок.
Ал эми “Манас-1000” жылдыгы өтүп жаткан учурда Талас районунун акими болуп иштеп, чыркыраган чындыкты айтам деп жумушунан куулган, азыркы учурда “Манас ордо” улуттук комплексинин башчысы Ормош Чоюнбаев мырза, комплексти реставрация кылып жатканы тууралуу мындай оюн билдирди:
- Миң жылдык майрам өткөндөн бери “Манас ордодо” эч ремонт жумуштары жүргөн эмес. Азыр убактысы келип сааты чыгып быйылкы жылы биз миң жылдыкты аяктап баратабыз. Капиталдык ремонт жумуштардын баарын бүтүргөндүн үстүндө туруп атабыз. Дагы 10-15 жылга чейин ремонтту унута турган абалга келип калдык. “Манас ордого” келген киши сөзсүз түрдө биздин музейге кирет. Музей дагы 1995-жылы жасалып андан бери эч кандай экспонат алмашылган эмес. Анын үстүнө ошол кезде бардыгы шашып жасалган, - деди “Манас ордо” улуттук комплексинин башчысы Ормош Чоюнбаев.