Эл аралык уюм - Түркмөнстанда камакка алынган эколог жөнүндө тынсызданууда

Баш кеңсеси Лондон шаарында жайгашкан "Эмнисти интернэшнл" уюму кечээ күнү - Түркмөнстандын Дашогуз шаарында 17-декабрда кармалган эколог Андрей Затоканын коопсуздугу жөнүндө тынчсыздануусун билдирди. Затока Ашгабадка учуп чыгуу үчүн аэропортко келгенде кармалган жана анын жанында курал табылган, кийин коопсуздук кызматы анын үйүн тинтип, компьютерин алып кеткен. Укук коргоочулардын айтымында, камакта ал кыйноого дуушар болуп жатышы да мүмкүн.