Көпчүлүк добуш менен төрага шайланган Ненси Пелоси айым демпартиянын өкүлү, ал өлкөдө президенттен кийинки үчүнчү жогорку кызматты ээледи. Пелоси төрайымдыкка шайлангандан кийинки салтанатта сүйлөп, америкалык аскерлердин Иракта мөөнөтсүз калуусу шайлоочуларды кабатырлантканын жана ирактыктар өз коопсуздугун өздөрү камсыздоосу шарт экенин айтты.