16:41 БШК Кыргызстандагы саясий партиялардын маалымат китепчесин басууга даярдап жатат

БШКнын маалыматына караганда, бул китепчеге саясий партиялардын түзүлгөн убагы, мүчөлөрү, аймактык бөлүмдөрү, шайлоого катышуу максаты,программасынан үзүндү, буга чейин шайлоого канча жолу катышкандыгы тууралуу маалыматтар кирет. Маалымдамага партиянын эн белгиси, лидерлеринин сүрөттөрү, байланыш телефондору, электрондук почтасынын жана расмий сайтынын даректери киргизилет. Мындай аракетти БШК шайлоочуларга шарт түзүү максаты менен байланыштырууда. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык келерки шайлоодо депутаттардын жарымы партиялык тизме менен шайланмакчы. Юстиция министрлигинин каттоосунда учурда 88 партия бар. (BuS)