КЫЛКЫЛДАЙТ КЫТАЙ СПИРТИ

Кытай эл республикасы спирт өндүрүүнүн көлөмүн алдыдагы 2010-жылга карата 13 миллиард юандан ашырарын кытай вино өндүрүш ассоциациясынын төрагасы Ван Яньцай мырза билдирди деп кабарлады, «Кабар» агенттиги. Эгемендиктин алгачкы жылдарында төгөрөктүн төрт тарабына эшиги кенен ачылган Кыргызстанды дал ушул кытай спирти каптаганы белгилүү. Ошол кезде колхоз-совхоздор биринин артынан бири жоюлуп, коомдук мал менчикке өтүп… Отуз кой алган кыргыз өзүн ойрон сезип… Жараган козусун жарым бөтөлкө кытай спиртине кармата берип, акыры биртике малынан ажырап, кыкеңдердин көбү бөтөлкө минип олтуруп калганын азыр да жомок кылуу менен ошондон ушул күнгө дейре Кыргызстан олуттуу бир нерсе өндүрүүнүн аракетин көрбөйле көр-жердин баарын сырттан сатып алмай өлкөгө айланып калганын айтышат.

Кыргызстан өз алдынча түтүн булатып келаткан 15 жыл ичинде Эларалык институттар менен донор өлкөлөрдөн 3,5 миллиард доллардан ашуун жардам алган. Бир караганда мынчалык каражат менен эс-учунан танып жаткан экономиканы кайра тирилтип, элдин жашоо деңгээлин таанылгыс кылып өзгөртүүгө болот эле, бирок андай болгон жок, ал эми ал акчалар каякка кетти, деп жазат «АКИпресс» журналы.

Ар бир өлкө өткөн жылга кылчайып, эмнелерди жасаганын, эмнелерди жасай албай калганын эсептеп, жакшылыгын коом алдында жар салууда. Маселен, Казакстан «Жылдын жетишкендиги» катары «КаzSat» деп аталган Казакстандын 1-спутнигинин орбитага ийгиликтүү чыгарылышын атады. Мына ушунун өзү эле жакын арада бул өлкөдө байланыштын бардык түрлөрүнүн төлөө акыларынын арзандашына алып келет экен. Өзүнүн космостук техникасын түзүүгө киришкен Казакстан дүйнө өңүрүн глобалдаштыруу толкуну каптап келаткан маалда анын ириминде кала бербей, өз жүзүн сактап калуу үчүн эмитеден эле зор максаттарды ишке ашыра баштады деп билдирет, «Борбор Азия» маалымат агенттиги.

Кыргызстанда деле «жылдын жетишкендиги» катары атын атап, мамлекеттик деңгээлде жөлөп-таяп кое турган окуялар болгон жок деп оозду куу чөп менен аачууга ниет барбайт, маселен Т.Эгембердиев негиздеген «Шоро» фирмасынын өткөн жылы Кытай рыногуна киришинин өзү эле Кыргызстандын экономикалык турмушунда көңүл бурууга арзый турган олуттуу окуя болучу. Бирок, тилекке каршы, саясат кумарынан көзү ачылбай келаткан бийлик кыргыз суусундугунун кытай базарларында сатууга укук алышын, Кытай жергесинде улуттук суусундук сатчу кыргыз заводунун курулганын кубаттамак тургай, байкаганга да чолосу тийбеди дешүүдө айрым байкоочулар.