Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшүнө каршы күрөшкөн 6-ыктыярдуу корпустун штаб начальниги генерал А. Н. Куропаткинге жашыруун билдирүү жолдогон. Орто кылымдагы кыргыздардын тарыхын, тилин изилдөөгө зор салым кошкон илимпоз - С. Е. Малов жарык дүйнөгө келген.
Сибирь корпусунун командири 1864-жылдын 4-январында Аскер министрине Кокон хандыгында кыпчактардын таасири күчөп бараткандыгын билдирген. Анын айтымында хандыктын мурдагы башкаруучулары акырындык менен кыпчактар жана кыргыздарга алмаштырылган. Тестиер хан Султан-Сеидге аталык милдетти молдо Алымкул алып, анын буйругуна ылайык хандын эски сарайы бузулду. Алымкул аталык хан сарайды шаар сыртына чыгарып, мында корголгон ордо курдурду, деп кабарлаган Сибирь корпусунун командири.
Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшүнө каршы күрөшкөн 6-ыктыярдуу корпустун штаб начальниги 1917-жылдын 4-январында Түркстан аскер округунун командачысы генерал А. Н. Куропаткинге жашыруун билдирүү жолдогон. Билдирүүдө Жетисуу областындагы кыргыздардын көтөрүлүшүнүн чыгыш себептери көрсөтүлөт. Штаб начальниги 1916-жылга чейин кыргыздардын жери жеркоторгондорго тартылып берилгендиги, аларды күчтөп аскерге алуу жүргөндүгүн кабарлаган.
Айтылуу тюрколог жана орто кылымдагы кыргыздардын тарыхын, тилин изилдөөгө зор салым кошкон илимпоз Сергей Ефимович Малов 1880-жылдын 4-январында жарык дүйнөгө келген. Сергей Ефимович бүткүл өмүрүн тюркология илимине арнап, энесайлык кыргыздардын жазма эстеликтерин окууда илим үчүн эбегейсиз салым кошкон. XX кылымдын баш ченинде ал Кытайга экспедицияга барып, уйгур, салар, сарыг уйгур, лобнор сыяктуу түрк тилдерин изилдеп, аларды кийин китеп кылып чыгарууга жетишкен. Анын «Древнетюркские памятники», «Енисейская письменность тюрков» сыяктуу илимий эмгектери азыркы учурда дагы өз маанисин жогото элек. Сергей Ефимовичтин илимге сиңирген эмгеги «Ленин» ордени жана «Эмгек Кызыл туу» ордени менен бааланган.
Бу күнү, 1943-жылы америкалык «Тайм» журналы Сталинди Жыл адамы атап, 1809-жылы француз педагогу, азиздер үчүн тамганы ойлоп тапкан Луи Брайль, 1875-жылы айтылуу жазуучу Василий Ян жарык дүйнөгө келген.