Мындай пикирин «Азаттыкка» Турсунбек Акун бүгүн билдирди. Ал Саддам Хусейнди актагысы келбейт, бирок, өлүм жазасына каршы. Укук коргоочунун пикиринде, мусулмандардын формалдуу жана бейформал лидери саналган Саддам Хусейнди түбөлүк түрмөгө отургузса гумандуулук болмок. Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун эртең АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушууда да ушундай пикирин бөлүшүүнү көздөп жатат. Укук коргоочуну элчи эртең кабыл алмакчы. (BuS)