БИРИККЕН УЛУТТАРДЫН ЖАҢЫ БАШ КАТЧЫСЫ КЫЗМАТЫНА КИРИШТИ

Нарын АЙЫП, Прага 1-январдан тартып Бириккен Улуттардын жаңы баш катчылыгы түштүк кореялык дипломат Пан Ги Мунга өттү. Баш катчы уюмдун кызматкерлери менен жолугуп, биринчи дайындоолорду жасады.
Жаңы жыл майрамы менен байланыштуу, Бириккен Улуттар Уюмундагы биринчи жумуш күн 2-январда болду жана жаңы баш катчы дүйнө мамлекеттеринин ар башка шаарларында жайгашкан Бириккен Улуттардын кеңселеринин кызматкерлери менен видео-конференция өткөрүп сүйлөштү.

Андай кеңселер Европада - Вена менен Женева шаарларында, Азияда - Таиланддын борбору Бангкок шаарында, Жакынкы Чыгышта - Ливандын борбору Бейрутта, Африкада - Кениянын борбору Найроби менен Эфиопиянын баш калаасы Аддис-Абеба шаарларында жана Түштүк Америкада - Чилинин борбору Сантьяго шаарында жайгашат.

"Мен өз милдетиме - эл аралык мамилелелерде түзүлгөн оңой эмес абал мезгилинде киришип жатам - Дарфурдан Жакынкы Чыгышка чейин, Ливан, Иран, Ирак, Түндүк Корея жана башка аймактардагы кризистер бүткүл дүйнөнү тынчсыздандырууда", - деп билдирди Пан 2-январдагы видеоконференция учурунда.

Ошол эле күнү Пан Ги Мун Нью-Йорк шаарында журналисттер менен дагы жолугуп, Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселеге өзгөчө көңүл бура турганын билдирди. Маселе үстүндө Пан - Түштүк Кореянын тышкы иштер министри болуп жүргөн кезинде да иштеген. Анын айтымында, маселе боюнча жүрүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүгө катышкан дипломаттар менен жолугуп, ал түзүлгөн абалды талкуулайт жана андан соң аны Коопсуздук Кеңешинин алдына да коет.

Жаңы баш катчынын пикиринде, эң негизги маселелердин бири - дүйнө коомчулугу тарабынан Бириккен Улуттарга болгон ишенимди арттыруу жана уюмдун өзүнүн ичинде чыккан чатактарды жөнгө салуу. Уюм катары болсо Бириккен Улуттар өз аракеттерин үч негизги багытка жумшайт, алар - коопсуздук, адам укуктары жана өнүгүү.

31-январда, кызматына жаңы киришээр алдында Пан Ги Мун биринчи дайындоо жасады. Анын буйругу менен Бириккен Улуттардын администрация башчысы болуп индиялык дипломат Виджай Намбияр дайындалды. Ал 63 жашта, Кофи Аннандын учурунда баш катчынын кеңешчиси болуп иштеген, ага чейин болсо Бириккен Улуттардагы Индиянын өкүлү болчу.

Баш катчынын басма сөз өкүлү болуп Мишел Монтас деген айым дайындалды, ал Бириккен Улуттардын радиосунда иштеген жана 2003-жылы - уюмдун Жалпы ассамблеясынын төрагасынын да басма сөз катчысы болгон. Андан тышкары, Пан Ги Мундун айтымында, өзүнүн биринчи орун басары кылып ал аял кызматкерди дайындайт, бирок анын ысмын азырынча атай элек.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин биринчи жыйыны 8-январга дайындалды. 1-январдан тартып Кеңештеги төрагалык Орусияга өттү жана Маскөөнүн өкүлү Виталий Чуркин менен Пан Ги Мун 2-январда атайын жолугушуу өткөрүп, жыйындын күн тартибин талкуулады. Анда негизинен коопсуздук маселелери каралат.