Индонезия учагынын кырсыкка учурашынан 90 киши курман болду

ЖАКАРТА. Индонезия учагынын кырсыкка учурашынан 90 киши курман болду. Аман калган 12 кишинин акыбалы тууралуу маалымдалбайт. "Адам эйр" компаниясына караштуу Боинг- 737 учагынын сыныктары бүгүн Индонезиянын Сулавеси аралында тоо арасында табылды. Ява- Сулавеси аба каттамы боюнча учуп келаткан учак дүйшөмбү күнү бороон- чапкын болуп жаткан кезде радарлардан жок болуп кеткен. Өткөн жума күнү болсо Яванын жээктеринде катуу шамалдан жүргүнчү ташыган кеме кырсыккка учурап, анда 400гө жакын киши каза болгон.