Сомалинин исламчыл козголоңчулары түштүктөгү Кысмей шаарын калтырып кетишти

Премьер-министр Али-Махаммед Жединин билдиришинче Кысмей шаардын деңиз порту жана аэропорту азыр эфиоп аскерлери колдогон өкмөттүк аскерлердин колуна өткөн. Премьер-министр ошондой эле бардык сомалиликтерди, анын ичинде аскер башчылары менен кландык куралдуу топтордун мүчөлөрүн 5-январга чейин каруу жарагын тапшырууну буйруду. Ошондой эле ислам согушчандарына мунапыс берилээрин билдирди.