Ооганстанда аймактык полициянын акимин уурдап кетишти

Талиптер Ооганстандын батышындагы Фаррах провинциясында аймактык полициянын акимин кеңсесинен уурдап кеткенин ооган полициясы маалымдады. Талиптердин өкүлү Кары Мухаммед Юсуп 31-декабрь түнкү жортуул учурунда полициянын тогуз кызматкерин туткунга алдык деп билдирди. Бирок бул кабарды ооган полициясы калпка чыгарды.