Беларус менен Орусиянын мамлекеттик менчигиндеги газ монополисти - “Газпром” компаниясы быйылкы жылга Беларуска газ сатуу боюнча жаңы келишимге кол коюшту. Бул келишим Жаңы Жылга саналуу гана убакыт калганда жетишилди. КМШ аймагындагы кезектеги газ жаңжалы ушундайча чечилди.
Жаңы Жыл белгиленээрине саналуу убакыт калганда жетишилген бул келишимге ылайык, эми беларустар Газпромго ар бир миң куб метр газ үчүн 100 доллардан төлөй баштамакчы.
(Айтмакчы, Кыргызстан да дал ушундай эле жаңы бааны коңшу Өзбекстанга 1-январдан тартып төлөй турганын мурда кабардаган элек).
Беларус буга чейин орусиялык шеригине ар бир миң куб метр газ үчүн 46 доллар төлөп келген.
Газпромдун жетекчилигинин өкүлү Алексей Миллер жаңы келишим тууралуу 1-январга караган түнү мындайча жарыялады:
- Орус газы менен Беларусту камсыз кылуу жана орус газын Беларустун аймагы аркылуу ташуу шарттары тууралуу келишимге кол коюлду.
Эгерде бул келишимге жетишилбей калса, анда Беларустун 10 миллиондуу калкы көгүлтүр отунсуз калмак жана Европа Бириимдигине газ өткөрүү жаатында да тоскоолдуктар түзүлмөк.
Беларус премьер-министри Сяргей Сидорский бул келишимге кол коюу расмий Минск үчүн өтө машакаттуу кадам болгонун Маскөөдөгү маалымат жыйынында ачык эле айтты:
- Өзүңүздөр билгендей, Беларус калкынын 60 пайызы – Чернобыл алааматында жабыр тарткан кишилер. Биз аларга кайрылмакчыбыз, ардагерлерибизге да кайрылмакчыбыз. Эми аларга газ төлөмү жаатында Беларус күтүлгөндөгүдөн эки эсеге көбүрөөк акы төлөй баштаарын түшүндүрөбүз да.
T.T.
Премьер С.Сидорскийдин айтымында, Беларус тарап соодалашуу жараянында газ төлөмүн миң куб метрине 75 доллардан ашырбоого ниеттенген.
Беларус президенти Александр Лукашенка бул газ келишимин Беларустун жаңы экономикалык турмуш чындыгына кириптер болгону катары баалоо керектигин айтты.
Баары бир расмий Минск Газпромго башка чет элдик кардарларга караганда алда канча азыраак төлөөөдө. Ал эми Украина 2007-жылдын башынан тартып миң куб метр газ үчүн 135 доллардан төлөй баштамакчы. Грузия болсо ушул эле көлөм үчүн үстүбүздөгү жылы 235 доллардан төлөмөкчү.
Батыш чөйрөлөрү расмий Кремлди өзүнө көз каранды болгусу келбеген мурдагы пост-советтик коңшуларын газ баасын көтөрүү аркылуу жазалагысы келет деп сынга алып чыкты.
Орусия болсо бул жараянды тек гана базар мамилелерине багыт алган экономикалык турмуштун көрүнүшү катары мүнөздөөдө.