Депутат Ахматбек Келдибеков Конституцияны кабыл алуу, же өз эркинче тарап кетүү маселесин көтөрдү. Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев жана Темир Сариев экономикалык маселелерди кароого, же келерки жылы иш башталганга чейин танапис жарыялоо керектигин белгиледи. Төрага Марат Султанов тараптарды кеңешүүгө үндөп, 11.30 га чейин танапис жарыялады.