ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫРКАГАН АЙЫЛДАРДЫН АБАЛЫ ООР

Кочкор аймагында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча Бишкекте жана Кочкордо штаб түзүлүп, «Кыргызстан» банкында атайын эсеп ачылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тескейинде 25-декабрдан 26-декабрга караган түнү болгон жер титирөө келтирген чыгымдардын эсебин ишемби күнгө чейин тактап, жарыялоону убада кылууда. Учурда өзгөчө кырдаалдар боюнча беш комиссия иштеп жатат. Болжолдуу маалыматтарда, бул жер титирөөнүн кесепети Нарын жана Ысыккөл облустарынын Кочкор, Тоң, Ысыккөл райондоруна, Балыкчы шаарына тийди. Жер титирөөдө баарынан көп Кочкор району жабыркаган. Бул тууралуу бейшембиде парламенттеги талкууда сөз болду. Жогорку Кеңештин аталган аймактан шайланган депутаты Рахатбек Ирсалиев жагдай боюнча маалымат берди:

- Кочкорго мен барып келдим. Ал жерде чын-чынында эле жапа чеккен үйлөрдүн, ишканалардын, мектептердин, айрыкча өткөн кылымдын 30-40-50-жылдарында салынган үйлөр жабыркап, дубалдардан жарака кеткени көрүнүп турат.

Райондун акими Курманбек Байтерековдун айтымында, 450 чамалаш турак үй, 11 мектеп жана маданият үйлөрү керектен чыкты, жабыркаган турак-жайлардын болжолдуу эсеби алты миңден ашты:

- Алты миңден көп. Мына 142 түтүн Исакеевде болуп атат. Ошонун 70% жаракат алган, бурчтары ачылып кеткен, жарылган, ортосу бузулуп кеткен…

Кырсыкта баарынан көп жабыркаган айылдардын катарында Исакеев, Каратоо, Кумдөбө, Семизбел, Кочкор айылдары аталууда. Көбүнчө эски жана адистердин уруксаты жок салынган үйлөр керектен чыккан. Үй-жайсыз калгандар тууган-туушкандарыныкына, фермерлердин бош турган үйлөрүнө жайгаштырылды:

- Он чатыр барды. Бирок, чатырда жашоо мүмкүн эмес. Ага да көмүр, электр энергиясы керек. Ал да каражатты талап кылып атат.

Аким Байтерековдун айтымында, кыш чилдеде кырсыкка кабылган элдин акыбалы оор. Бирок, кыргызстандык ишкерлердин бири да жардам көрсөтүү ниетин билдире элек. Кочкорго Бириккен улуттар уюму он миң долларлык, Кызыл жарым ай коому 100 миң сомдук гумжардам жана алты жүз даана шейшеп берди. Президенттин атынан 450 миң шифер, 9 тонна цемент, 1,5 миң чарчы метр айнек, 1,5 миң даана пресстелген курулуш материалы (двп) жөнөтүлдү. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттары Ысыккөл, Нарын облустарында жабыркагандар үчүн өздөрүнүн эки күндүк эмгек маянасын котормой болушту. Аксуу базары 300 миң сом, аким жеке каражатынан бир миллион сом берип жатышканын маалымдашты.

Жергиликтүү журт башылары бул жардамдар бардык чыгымдарды жапканга жетпейт деп жатышат. Ошондуктан, алар жардам көрсөтүүчүлөр үчүн атайын эсеп ачышты.

Күчү жети баллга чейин жеткен акыркы жер титирөө өлкөнүн тескей өрөөнүндө болорун мындан үч жыл мурда илимпоздор аныкташкан. Бирок, ал кайсы учурга туура келерин тактоо мүмкүнчүлүгү болбой, ага жараша кырсыкты алдын ала эскертүү шарты түзүлгөн эмес. Бул тууралуу Илимдер академиясынын сейсмология институтунун директору Канатбек Абдыракманов билдирди. Кочкор аймагында буга чейин акыркы жолу 1979-жылы кубаты үч баллга жеткен жер титирөө болуп, анын эч кандай зыяны тийген эмес.