26-декабрь түнкү саат экилерде Кыргызстандын аймагында күчү жети жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Расмий маалыматтарга караганда, зилзаланын кесепетинен Кочкор районунда беш жүзгө чукул үй керектен чыгып, алты миңден ашуун үйдүн дубалдарынан жарака кеткени айтылууда. Ошондой эле мамлекеттик бир нече мекемелердин имараттары зыян тарткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда учурда жабыркагандарга материалдык жардамдар көрсөтүлүүдө. «Интер билим» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын айтымында, үй жайынан ажырагандарга өкмөт тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлбөй жатат. Сейсмологиялык борбордун директору Канат Абдырахматов болсо Кыргызстандын аймагында маал-маалы менен жер титирөө болуп турарын, бирок катуу баллдагы жер титрөөнүн алдын алуу кыйын экенин белгиледи.
Сейсмологиялык борбордун директору Канат Абдырахматов учурдагы катталган жер титирөө кадимки эле табигый көрүнүш экенин, өлкө аймагында үстүбүздөгү жылы үч миңден ашуун жер титирөө катталганын билдирди.
"Жер деген жер. Ал саясий кырдаалга көз каранды эмес. Балким башка жагынан, Мисалы жердин чыңалуулары чогулуп, чыңалган кырдаал болгон жерде элдин активдүүлүгү курчуйт, деп гипотеза катары айтса болот."
Канат Абдырахматов белгилегендей, учурда Бишкектин аймагында сейсмикалык иликтөө жүргүзүп, көзөмөлдөп туруу үчүн АКШнын он сейсмикалык станциясы орнотулган. Бирок көптөгөн техникалар өз мөөнөттөрүн өтөп бүтүшкөн. Анын пикиринде, күтүүсүз зилзаланын качан, кайсы убакытта болоорун так аныктап айтуу жеке эле Кыргызстан эмес, дүйнөнүн өнүккөн башка өлкөлөрү үчүн да кыйынчылык жаратып, табышмак бойдон калууда.
Жер титирөөнүн очогу болгон Кочкор районунун аймагындагы Тескей Алатоодо 26-декабрда түнкү саат экилерде катталган зилзаланын күчү жети баллды түзгөн. Бишкекте анын күчү 4 баллга жеткен.
Шейшемби күнү Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рүстөмбеков катталган жер титирөө боюнча президент Курманбек Бакиевге отчет берип, жабыркагандар болбогондугун, учурда атайын комиссия жер титрөөнүн кесепеттерин жеринде иликтөө үчүн жөнөтүлгөндүгүн билдирди. Президент болсо аталган министрликке кыска убакыттын ичинде өлкөнүн алыскы аймактарындагы табигый кырсыктар коркунуч туудурган жерлер, кыйрап калуу коркунучу бар курулуш, турак жайларга мониторинг жүргүзүүнү милдеттендирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түндүк аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Жыргалбек Укашевдин айтымында, Кочкор районунда 518 үй катуу жабыркаган, алты миңден ашуун үй ар кандай кыйроолорго учураган. Бир катар мамлекеттик ишканалардын имараттары зыян тарткан. Укушев ошондой эле учурда өкмөт тарабынан Кочкорлуктарга материалдык жардамдар көрсөтүлүп жатканын маалымдады.
«Интербилим» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева Кочкор районундагы жер титирөөдөн үй жайы кыйраган атуулдарга өкмөт тарабынан тиешелүү жардамдар көрсөтүлбөй жатканы тууралуу маалымат келгендигин билдирди.