Учурдагы баш мыйзамга ылайык, президенттин милдетин аткаруучу президенттикке талапкер боло албайт. Бирок Элдик кеңештин өкүлдөрү Конституцияга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Келээрки жылдын 11-февралында өтө турган президенттик шайлоодо Бердымухамедовдон тышкары дагы беш талапкер ат салышат.