Түркмөнстанда президенттик шайлоо 11-февралда өтөт

Бул тууралуу чечимди бүгүн Элдик кеңеш бир добуштан кабыл алынды. Өлкөнүн эң жогорку мыйзам чыгаруучу органы болгон Элдик Кеңеште 2 миң 500 мүчө бар. Алар негизинен жалпы улуттук жана жергиликтүү расмий өкүлдөр. Талапкерлерди да Элдик Кеңеш жарыялайт деп күтүлүүдө. Сүргүндөгү түркмөн оппозициясы шайлоого бирдиктүү талапкер коюга макулдашышкан.