АКШнын Ирактагы адам чыгымы 11-сентябрдагыдан ашып түштү

АКШнын армиясы бүгүн Иракта дагы алты америкалык аскер окко учканын билдирди. Ассошиэйтед Пресстин кабарлашынча, ошону менен Иракта кеминде 2978 америкалык аскер курман болду. 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдарда Кошмо Штаттарында мындан беши кем, же 2973 киши каза тапкан деп саналат.