Бүгүн 26-декабрда «Реформа үчүн» кыймылы билдирүү таратты. Анда президент Курманбек Бакиев өзү саясий кырдаалды курчутуп, айрым депутаттар көтөрүп чыккан Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу демилгесин тымызын колдогонун токтотпосо, нааразылык акциялар өткөрүлө тургандыгы айтылат. Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев өлкө башчысы тарабынан парламентке эч кандай кысым жасалбаганын, кандайдыр бир көрсөтмө берилбегенин билдирди.
«Реформа үчүн» кыймылдын кеңешмесине катышкан бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү, "Реформа" кыймылын колдогон депутаттар өлкөдөгү саясий оор абалга токтолушту. Алардын дээрлик бардыгы Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу демилгесин көтөрүп чыгышкан парламенттеги айрым депутаттарды «президент Бакиев тымызын колдоп жатат»- дешип нааразы болушту. Эгерде бийлик өлкөнүн келечегине коркунуч туудурган саясий оюндарын уланта берсе, жер-жерлерде нааразылык акциясын өткөрүү керектигин айтышты. Парламент депутаты Темир Сариевдин көз карашында азыркы бийлик авторитардык системаны кайра калыбына келтирүү аракетин көрүүдө.
"Майданга чыгып карапайым калк жети күн түнөп, сегиз күн суугуна да, ысыгына да чыдап, аткан огуна да чыдап жаңы Конституцияны кабыл алган. Ал Конституция менен бир үйбүлөлүк башкарууну биз жоготконбуз. Ошол системаны булар кайра кайтарып келген жатышат. Эл ага жол бербейт. Анда жаңы Конституцияны коргойбуз деп эл көчөгө чыгат. Жеке эле Бишкекте эмес жалпы Кыргызстан боюнча", -деди Темир Сариев.
Ал эми «Реформа үчүн кыймылдын теңтөрагасы Алмазбек Атамбаев болсо Жогорку Кеңешти таркатууга негиз жок экенин айтты.
"Эгерде парламентти президент жардык менен таратса, биз анда президенттин өзүн кетиребиз. Бул деген бийликти узурпациялоо дегендик. Мындай оюндарды токтотуш керек.Керектүү мыйзамдарды кабыл алганча парламент ордунда иштей бериши керек. Мен жакшылап карап чыктым.Эч кандай Конституциялык кризис жок. Бул жерде жөн эле саясий оюндар жүрүп атат. Феликс Кулов менен президент экөө авторитардык бийликти орнотуп, барыбызды камап, бирден атып жок кылып. Кыргызстандын байлыгын сатайын деп атышат", -деди Алмазбек Атамбаев.
Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев болсо президент Бакиев Жогорку Кеңешке эч кандай кысым жасабаганын, аларга кандайдыр бир көрсөтмө бербегенин билдирди.
"Парламентке ушундай кылып укуктарын же Конституцияны өзгөртүп бергиле деп жеке президенттин өзүнөн демилге да болгон жок. Кысым көрсөтүү да болгон жок. Тескерисинче элүү беш депутат кайрылуу жасап, ушул кризистен чыгып кетели, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизели, деп өздөрү демилге көтөрүп чыгышты".
«Реформа үчүн» кыймылдын мүчөлөрү кеңешменин соңунда президентке, элге билдирүү жолдошту. Анда Жогорку Кеңештеги айрым топтор президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүп, авторитардык, үй бүлөлүк башкаруу системасын кайрадан орнотуу аракетин көрүп жатканы айтылат. Ошондой эле, эгерде президент тарабынан Конституциядан тышкары аракеттер көрүлсө, анда аны бийликти узурпациялоо аракети катары баалап, бардык аймактарда мөөнөтсүз акцияларды өткөрүү болжолдонуп жатканы белгиленген. Кандай жол менен болбосун азыркы Баш мыйзамды коргой тургандыктарын билдиришкен.