14:15 Кыргызстан менен Германия ортсунда кош салыктан качуу боюнча келишим күчүнө кирди

Ага жол берген ратификациялык грамота менен Берлинде эки өлкөнүн өкүлдөрү алмашты. Келишимге 2005-жылы 1-декабрда Бишкекте кол коюлган эле. Макулдашуу эки өлкөнүн экономикалык, илимий-техникалык, маданий байланышын чыңдоого салым кошот, деп белгиленген Тышкы иштер министрлиги бүгүн тараткан маалыматта.