Бул күнгө байланыштуу Иерусалимдин патриархы Мишель Сабах Иса пайгамбар төрөлгөн Вифлеем шаарына келди. Вифлеемдеги майрамга 20 миңге жакын зыяратчы катышты. Ал эми Ватикандын борбордук аянтында Рим Папасы Бенедикт 16-нын катышуусунда салтанаттуу азем болду.