ӨKMӨT КЕТТИ, ПАРЛАМЕНТТИ САР-САНАА БАСТЫ

Бул аптада кыргыз өкмөтү толук курамында кызматтан кетти. Бул саясий окуяга жалгай Баш мыйзамдын жаңы редакциясы кайрадан иштелип чыкты. Саясий айдыңдагы мындай дүрбөлөңдүү окуялар коомчулукта бийлик талаштан келип чыккан кезектеги саясий оюн катары сыпатталды.
Феликс Кулов баштаган кыргыз өкмөт мүчөлөрүнүн толук курамында кызматтан кетиши бийлик бутактарынын ортосундагы мамилени ого бетер чыңап койду. Өкмөт өзүнүн кызматтан баш тартышын Конституциянын жаңы редакциясынын ишине тоскоолдук кылгыбыз келген жок деп негиздешкени менен, байкоочулар парламенттин короосуна таш ыргыгандыгын ачык эле айтып чыгышты.

Айрымдары муну президенттин парламентти таратуу ниетине жорушту. 18-декабрда президент Курманбек Бакиев Улуттук телеканал аркылуу түз эфирде Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу суроого жооп берип жатып парламентке дооматын учкай кыстара кеткен:

- Азыркы Конституция боюнча токсон деп жүрөт. Анын жарымынан көбү кырк алты болобу? Мыйзамдарды отуз сегиз (добуш) менен кабыл алып жатышат. Мен да президент катары ыңгайсыз жагдайга туш келип калдым. Кол коеюн десең биягы бар. Кол койбой коеюн десең дагы маселе. Ошондуктан, парламенттин мага жардам берүү ою бар болсо, Конституциялык Сотту толуктоого мен эки талапкер сунуш кылгам. Эки кыз балдарыбызды. Ошолорду карап, Конституциялык Сот курамын толуктап берсе, мен да бир конституциялык орган менен кеңешишим керек да.

Мындай мисалдарды байма-бай келтирген өкмөт мүчөлөрү болсо акыркы мезгилдери парламентке тартынбай доомат коюуга өтүштү. Парламент да, өкмөт да жаңы баш мыйзамдын эрки менен иштеши керек деп чыгышты. Феликс Кулов өкмөттүн кызматтан кетүү чечимине байланыштуу журналисттерге берген жообунда парламентти таратууга кадырэсе карай турганын билдирген:

- Мен муну принципиалдуу деп санабайм. Эң башкысы – реформа илгерилеш үчүн жаңы парламентти шайлоо керек. Депутаттар жаңы курам шайланганга чейин өз укуктарын сактап кала берет. Ошондуктан парламентти азыр таркатабы, же жаңы шайлоого чейин иштешеби – мен бул жерде принципиалдуу маселени көргөн жокмун, - деди Кулов.

Талдоочулардын болжолунда өкмөт ишин өз аброюн сактап калуу үчүн таштады. Саясат таануучу Зайнидин Курманов, маселен, өкмөт азыр кетпесе, парламент январда баары бир отчетун канаттандырмак эмес дейт:

- Январь-февраль айларында өкмөттүн бир жылдык отчету болмок. Аны парламент баары бир канагаттандырарлык эмес, баасын коет эле да, өкмөт кетмек болчу. Ошон үчүн азыркы аракети – ушул өкмөттү калтыруу, жаңы структураны бекитүү, Бюджетти кабыл алдыртуу болуп жатат.

Парламент мүчөлөрү болсо өкмөттүн кетишин энергетикага, тышкы карыздарга, алтынга байланышкан маселелер менен байланыштырышып, милдетин аткаруучу кылып кайра даярдоону жоопкерчиликтен качуу катары сындашты.

Кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеген сүйлөшүүлөр президент менен парламент ортосунда бейшемби күнү бою созулду. Акыры президенттин таламын жактаган 41 депутат Конституциянын жаңы редакциясынын жаңы долбоорун парламентке сунушташты. Өкмөттүн кызматтан кетиши жапырт парламент үчүн күтүүсүз болсо, эми бир жарым ай мурда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясынын авторлору үчүн жаңы долбоордун сунушталышы күтүүсүз болду. Конституциялык долбоордо парламент алган күч структураларын, сот бийлигин, жергиликтүү мамлекеттик орган жетекчилерин дайындоону президентке кайра кайтаруу каралган.

Реформачылардын кыйласы муну парламентте дароо кароо мыйзамсыз дешкени менен, Конституциялык Соттун курамы толук эмес экенин эске алган депутаттар долбоорду кароого аргасыз болушту. Бирок, талкуунун тыянагы демилгечилер күткөндөй болбой калды. Долбоорду бийлик укуктарын кеңейтүүнү эңсеген Ак үйдүн заказы катары кабылдаган «реформачылар» муну диктатураны орнотуу аракети деп сындашты. Депутат Темир Сариевдин баасында бийлик эки кадам артка жылды десе, Султан Урманаев президенттик ашынган бийликке кадам жасалды деди:

- Ноябрда алган Конституциябыз президенттин сөзү менен да, анын өкүлү Адахан Мадумаровдун сөзү менен да жердин баарында айтылды эле бийлик бутактары эми тең бөлүштү делип. Жаңы долбоор суперпрезиденттик диктатурага алып келип атат.

Депутат Азимбек Бекназаровдун оюнда бул максатын ишке ашыруу үчүн президент депутаттардын кызматын пайдаланып жатат. Кыйсыпыр учурду шылтоо кылып, парламентти таратуу ою бар дейт ал:

- Ушул долбоорду кабыл алалы дейли. Эртең Курманбек Салиевич кол койбойт, мен бөркүмдөй ишенем. Силерге караганда көбурөөк билем. Анткени, ал Конституцияга каршы. Бир жарым айда бир алына берген мындай Конституцияга кол койбойм дейт. Мыйзам боюнча үч айдан кем эмес, алты айга ченйинки аралыкта Конституциялык Соттун макулдугун алышы керек эле. Ал дүйнө жүзүнө уят болгусу келбейт. Өз жүзүн сактап калгысы келет. Азыр парламентти таратуунун негизин таппай атпайбы. Мына эми негиздейт. Булар өнөкөт кылып алды, бир ай, эки ай сайын эле Конституция алып атышат. Мындай парламент кереги барбы дейт. Мына негиз болот.

Чындыгында өлкөдө саясий кризис бар-жок деп саясатчылар ар башкача чечмелеп турушканы менен, парламентти таркатуу ыктымалдыгын бир да тарап төгүндөгөн жери жок. Байкоочулардын баамында парламент өзүн өзү таратпайт. Депутаттар өздөрү «Шайлоо кодексине», Саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизип, сотторду, өкмөт түзүмүн бекитпей туруп парламент тараса, бийлик кризиси башталат деп жатышат. Экинчи божомол боюнча парламентти эбин таап, президент таратышы мүмкүн. Бирок, бул өтө опурталдуу деген саясатчылар, аны массалык нааразылыктар менен коштолуп кетиш опурталдуулугун айтып жатышат.

Конституциянын жаңы долбоорун жактаган депутаттар азыр макулдашуу комиссиясын түзүп, кепке келүүгө чакыра башташты. Ал эми Өмүрбек Текебаев баштаган оппозиция президенттен парламентти таратпастыгын коомчулукка жарыялоосун, өкмөттүн жаңы курамы боюнча сунуш беришин талап кылды. Парламент тарабай тургандыгына көзү жетмейинче кырдаалды оңдоо жаатында иш жүрөрүнө алар ишенишпейт. Ошол эле учурда парламент мүчөлөрү парламентте кризис бар деп эсептешпейт. Алардын баамында кризис өкмөттө болууда. Ал эми депутат Каныбек Иманалиевдин оюнда өлкө саясий кризиске эмес, ыйман кризисине кептелип калды:

- Ушул кризисте ким кандай иш кылып атат? Кулов чыга калып отставка берип саясий упай топтоюн деп атат. Ошол учурда пайдаланып президент укуктарын кеңейтип алайын деп атат. Парламент болсо өз мандатын сактап калайын деп атат.