КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: ПРЕЗИДЕНТ БҮТ УКУКТУ ӨЗҮНӨ СУРАП ЖАТАТ

(22-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү)

- Урматтуу мекендештер Кыргызстанда саясий, финансылык, укуктук да кризиси эмес. Кыргызстанда ыйман жана ишенбөөчүлүктүн кризиси. Ушул кризисте карап көрсөңөр, ким кандай иш кылып жатат. Кулов чыга калып, отставка берип сясий упай топтойун деп жатат. Ошол учурдан пайдаланып, президент полномочиесин кеңейтип алайын деп жатат. Парламент болсо өзүнүн мандатын сактап калайын деп жатат.

Мен тарых үчүн, Кыргызстандын граждандары үчүн айтып койойун деп жатам. Мына ушул Конституциянын жаңы долбоорунда Кыргызстандын калкына байланыштуу бир эле бөлүм бар. Ал экинчи бөлүм. Президент Кыргызстандын адамдары үчүн бир да укук сураган жок, бүт укукту өзүнө сурап жатат. Ага укук керек экен, бизге бирдиктүү Кыргызстан керек, бизге жаңы Конституциянын долбоору кереги жок. Эгерде ушуну кабыл алсак чет элдиктер ООН, ОБСЕ кайсы Кыргызстанга ишенет. Октябрдагы Кыргызстангабы, ноябрдагы Кыргызстангабы, же декабрдагы Кыргызстангабы?

Акылбек Жапаров айтып жатат, Хипикке кирсек 1 млрд долларды кечет деп, бирок 100 долларлык ишеничи болбойт да. Мамлекет өзүнө ишенбейт да, бизнесмендер Кыргызстанга акча салбайт да, инвестор келбейт да. Ушул Конституцияны кабыл алсак тыйын болуп калат. Биз беш жүз млрд долларык ишеничтен ажырайбыз. Ай сайын бирден Конституция кабыл ала берген президентке, парламентке, мамлекетке эл ишенеби?

Эң кымбат нерсе президент сураган полномочие эмес. Учурунда Сократтын полномочиеси болгон эмес, бир полномочиеси көп падыша болгон Людвиг төртүнчү деген. Эл ошо падышасына келбей эле Сократка келе берчү экен. Анан Сократтан сенин бийлигиң да, полномочиең да жок болсо, элдин баары эле сенден кеңеш сурайт десе, Сократ эл мага ишенет деген экен. Кептин баары ишеничте турат. Эгер президентибиз ишеничтүү саясат алып барса, анда мен макул элем акимди ушул киши дайындасын деп, андай болбой жатпайбы.

Эң кымбат Кыргызстандагы Кумтөр дагы эмес, Улуттук банктагы акча дагы эмес, бул ишенич. Ошол ишенич жоктугунан президен парламентке да, Куловго да, Конституцияга да, өзүнө да ишенбей ушуга келип жатат. Кыргызстанга Кулов менен Бакиевдин тандеми эмес, ыйман менен мыйзамдын тандеми керек.

Менин айтайын дегеним, биринчи жол-конфронтация жолу. Президент Конституцияны тебелеп өтүп, парламентти таркатам десе ошондой жооп алат. Тарыхта зордукту зордук жаратат. Экинчи - консенсус жолу, биз ушу Конституцияны өзгөртпөй эле, өкмөттү дайындай турган юридикалык жагдай бар. Эски конституциялык мыйзам өкмөт жөнүндө кандидатурасын алып келсин, ким каршы болуп жатат.

Булардын жоругун карасаңар, Бакиев дагы, Кулов дагы Конституциялык соттун төрайымы, Жогорку Соттун төрагасы болуп алды. Кулов бизге баа берип жатат мен кетсем эле булар таркайт, ошондой закон бар деп. А Бакиев айтат, булардын добушу 46 болуш керек деп. Демек, урматтуу комитеттин төрагалары Бакиев айткан теория боюнча сиздер антиконституциялык жол менен шайланыпсыздар.

Ошону Бакиев чечеби же сот чечеби? Мына "узурпация власти" деген ушул. Кечээ Путин президенттин алдындагы мыйзам чыгаруучу советти чогултту, кйинки жылга кандай мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек деп ошонун приоритетин айтты. Президент келсе, өкүлүн жиберсе, биз дагы ноябрда муногу эконикалык мыйзамдарды кабыл алып берели, декабрда укук коргоо органдары боюнча кабыл алып берели деп иш жүргүзпөйт белек. Бирок, биз мамлекеттик позициядан тайбашыбыз керек. Биз үчүн биринчи сотторду толук карап беришибиз керек, бюджетти бекитишибиз керек. Россияда 98-жылы бир жарым жылда беш өкмөт келип кетти, Черномырдин, Примаков, Степашин, Кириенко, Путин. Японияда 98-жылы бир жылда жети өкмөт алмашкан. Өкмөт келип кете берет, өкмөттү парламент менен президент иштете турган, жалдап ала турган орган. А бизди эл шайлайт, андыктан мындан трагедия кылбай, консенсус жолу бар, аны издеп тапса болот. Эң негизгиси кыргызда макал бар: “Жамандын жанын сактагыча жакшынын арын сакта” деп. Биз Хипикке кирбесек, Конституцияны сактап калсак, ошондо Кыргызстандын намысын сактап калган болобуз.