БОЛОТ ШЕРНИЯЗОВ: КОНСТИТУЦИЯ МЕНЕН ОЙНОБОЙЛУ…

(22-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү)

- Мына, төртүнчү күнү биз өкмөттүн ХИПИК тууралуу оюн билели деп ошону укмак элек. Бүгүнкү кризис кайдан келип чыкты? Өкмөттүн башчысы отставкага кеткенден. Мен бир гана нерсени ойлоп калдым, ноябрда алынган Конституция көпчүлүгүңөр кайталагандай компромисттик Конституция эле. Ошол убакта коомдогу акыбалды сактап калганга парламенттин ролу кандай экени бул талашсыз, тарых өзү тастыктайт. Кемчиликтер бар Конституцияда, ооба, мен ага да макулмун. Мен дагы келишпеген ойлорум бар, бирок муну мыйзам чегинде, Конституциянын чегинде кылышыбыз керек. Ал эми коомдогу бүгүн жасалма кризисти эмне үчүн туудуруп жатат, кимдер? Биздин президент көп айтат, саясатты токтотуп иш кылалы деп. А кто занимается политикой и кто занимается политиканством, время уже доказывает. Мен ойлойм, өкмөт жоопкерчиликтен коркуп отставкага берди. Жакында эки айдан кийин эки жыл болот жаңы бийликтин келгенине, өкмөт өзүнүн отчетун бериш керек эле, эмне деп отчетту берет. Анын ордуна тополоң салыш керек. Мына бүгүн биздин коомдо тополоңду салып аткан кимдер болуп атат? Ошол эле бийликте тургандар болуп атат. Кимдин колу менен? Парламенттин колу менен. Конституция турат, президент дагы, депутаттар дагы өзүнүн ишине киришерде Конституцияга колун коюп, “я вступаю в должность свято соблюдать и защищать Конституцию” деп баштайбыз. Эгер бүгүн биздин элдин ыйык мыйзамына болгон парламенттин мамилеси ушундай болсо, анда биздин мыйзамдардын Кыргызстанда аткарылышы чоң күмөн туудурат.

ХИПИК программасы жөнүндө баштап кетпедимби, биз 15 жылдын ичинде Кыргыз мамлекетинин 2200 жылдыгын да белгилеп жибердик. Бирок, кылым карыткан кыргыз эли бир да тыйын башка элдерге карызын калтырбаптыр. 15 жылдын ичинде көрдүңөр Акаевдин бийлиги, 2 млрд. доллардан ашык карыз калтырып отурат. Бул эмне деген сөз. Эгерде ошондо 15 жылдын ичинде парламенттин туруктуу позициясы болгондо, биз бүгүнкү күнгө келбейт элек. Мына кошоматчылыктын, эки жүздүүлүктүн айынан биз азыр ХИПИК программасынын алдында турабыз. Эгер Акаевдин бийлиги башка өлкөлөрдөн 2 миллиарддабаган карызды албаганда алардын бийлиги 14 жыл эмес, 5 жыл иштешине менин күмөнүм бар эле. Мына кетти, эми биз отурабыз эмне кылабыз деп. Бирок, мен айтып кетет элем, Конституциянын өзгөртүүнүн өзүнүн жолу бар, керек болсо согласительный комиссияны түзүп, мыйзам жолу менен иштешибиз керек.

Мен ушул трибунадан президентке да кайрылып кетет элем. Бүгүн биздин президентибиз кандайдыр бар топтун заложниги болуп калгандай ой калтырып калды. Алар мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын ойлобой, сугубо өзүнүн личный амбициясы менен бизди кыргыз элин чоң жаман жолго түртүп атат. Ошондуктан эгер президенттин күчү жетсе журт башчысы катары бир чечимди кабыл алыш керек. Бир чечимди кабыл алып токтош керек. Анан сунуш кылат элем, Конституция менен ойнобойлу, урматтуу коллегалар. Бул Конституцияны кабыл алсак, биз Конституцияны бузганга жол беребиз. Конституцияны бузган Жогорку Кеңешти эртең эле көчөдө жүргөн бир адам бизди сотко берип таратып жиберсе, анда арманыбызды эч кимге айта албайбыз, анда алардын толук акысы болот.