Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттин жетекчиси Исхак Масалиев долбоор боюнча түшүндүрмө бергенден кийин, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Депутат Осмон Артыкбаев 8-ноябрдагы кабыл алынган Конституцияны кабыл алууда Искак Масалиев өз ыктыяры менен кол койгонун анын эсине салып, эмне үчүн тез эле көз карашы өзгөрүп кеткенин сурады. Масалиев эч ким менен акылдашып, эч ким менен сүйлөшпөгөнүн айтып, алар сунуштаган долбоор баш мыйзамга тактоо иретинде жазылганын белгиледи.