ЖОЛДУН БАШЫ АЧА БОЛСО…КИМДИН БАШЫ МАҢ БОЛЧУ ЭЛЕ?

«Лица» гезити, Куловдун кабинети Кыргызстандын элин Жаңы Жылы менен отставкага кетүү аркылуу куттуктаганын, деги эле кыргыз өкмөтү кыргыз эли деп сүйлөмүш болгону менен эл-журт дегенди башынан эле уруп ойнобогонун, эми минтип кыларга иши жок калгансып, акырындап тынчып калган элдин ызасын кайра козгоп, калкты бушайман кылган абал түзгөнүн, айтор мындай өкмөттүн барынан жогу жакшы экендигин жазды.

Гезит Кыргызстандагы мына ушул абалга көз карашын билүү максатында Өнүгүү программасын колдоо деп аталган фонддун деректири Валентин Богатырев мырзага кайрылганда, В.Богатырев, бүгүнкү башталган кризис 2007-жылдын февраль-март айларында, өлкөдө эмнелер жасалды, эмнелер жасалган жок деп этек-башты жыя баштаган маалда, ар бир үйгө өзбектер кымбаттаткан газ баасынын эсеп кагазы келе баштаган маалда күчөп чыгарын, буга ХИПИК кошул-ташыл болорун, ошондо күнөөнүн баары президентке оожаларын айтып, кырдаал ушинте берип эки жолдун ачасына барып такаларын, ошондо депутаттар президенттин отставкасын талап кылып, президенттик чукул шайлоо өткөрүүнү сунушташса, президент тарап ар кандай айла-амалдар аркылуу бийлик ресурстарын колдонуу менен эл атынан миң түркүн жыйындарды өткөртүп, сүйлөбөгөндөрдү сүйлөтүп, парламент тарасын дей берерин, минте берип эки тарап тең өлкөнү алай-дүлөйгө апкелерин… акыры бул өтө коркунучтуу жолго апкелип такарын айткан.

«Апта» гезитине берген маегинде Борбор Азидагы Америка университетинин вице-президенти Бакыт Бешимов, Акаевди Кыргызстанга апкелип, анын жан-жөкөрлөрүн тегерегине тизип туруп, алган карыздарды кайтар деш керектигин, эмне үчүн К.Нанаев менен М.Ашыркулов жана башкалар жашырынып жүрүшкөнүн, булардын баарын элдин алдына апкелгенге президент, өкмөт, күч органдарынын кудурети жетерин, бирок антелбай жатышканын, себеби бир кезде Акаев менен кредит жеп калгандар азыр деле бийликте олтурушканын, ошолордун баарынын бүгүн титиреген байлыгы, кычыраган хан сарайлары, ири соода жайлары, кафе, ресторан жана башкалары барын, алар жалаң гана өз кызыкчылыктары үчүн иштеп келатышкандыгын, эгер бийликте тургандарда грузин президенти Саакашвилиникиндей эрки болсо карызды кайтаруунун булагы ушул жерде жатканын сөз кылган.

«Алас» гезити аркылуу ой-пикирин айткан жарандардын ичинен саясатчы Бегиш Ааматов, бул парламент мыйзамсыз жол менен келген парламент экенин, мыйзамсыз Конституция жазышканын, өкмөттү да ушулар шайлашканын, айтор өлкөдө мыйзамдуу эч нерсе калбай калганын, турмушка 93-жылдын Конституциясын кийирип, президенти баш, парламенти төш болуп таркап кетпесе кризис улана берерин айтса, академик Абдыганы Эркебаев, өкмөт мындай кадамга эки себептен улам барганын, анын бири-бүгүн парламентте талкууга алынганы турган ХИПИК, экинчиси- анын отчет берчү мезгилинин жакындап калганы себеп болгонун, бул парламентке жасалып жаткан кысым экенин, өлкөдө кризис эми башталганын айткан.

«Айкын» гезити ХИПИКтин тузагына илүү үчүн ошондой жакыр деген өлкөлөргө программаны өткөрүп кетүү үчүн 10 миллион доллардан берет дегенин, ал эми Кыргызстанды тузакка илүү үчүн 20 миллион доллар бериптир деген имиш эл арасында тарап жүргөнүн, Үзөңгү-Кууш Кытайга сатыларда да ушул сыяктуу абал түзүлүп, адегенде каршы болгон депутаттар Акаев кирип келгенден кийин эле «жибип» кетишкенин, бул жолу да ушундай болуп кетпегей эле деп кооптоонуп турганын жазган.

Мындан тышкары «Лица» гезитине мурдагы мамкатчы Осмонакун Ибраимовдун гезит кабарчысынын суроолоруна берген жооптору, Бишкектеги бир катар жогорку окуу жайларынын окутуучу-экономисттеринин ( КРСУ, БГУЭП, КНУ,КАА, КГУСТА) президент К.Бакиев менен Жогорку Кеңештин төрагасы М.Султановго ХИПИК программасына кирүүгө карыш ойлору жана карыздан кутулунун жолдорун көрсөткөн сунуштары, «Алас» гезити миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик стат катчы М.Өмүракунов менен маеги, кыргыз армиясынын элге көрүнбөгөн бети жөнүндө макаласы, Баткен облусунун алдуу-күчтүү деген адамдарынын үй-жайларын калтырып Орусияга, Бишкекке көчү көбөйүп, алар калтырып кеткен там-ташка, жерге акырындап коңшу өзбектер менен тажиктер келип кирип, ээлеп калып атканына кейиген экс-депутат Т.Балтабаевдин көйгөйүн окууга болот.