ЖОГОРКУ КЕҢЕШ: ӨКМӨТТҮН ЖОРУГУ ЖОЛДО КАЛСЫН

19-декабрда өкмөттүн кызматтан кетүүсү менен өлкөдө саясий-укуктук туңгуюк пайда боло баштады. Өкмөт мүчөлөрү мындан Жогорку Кеңеш тарап, жаңы шайлоо менен чыгуу керектигин билдирүүдө. Бирок парламентте өз эрки менен кетүү маанайы байкалбай турат.
Өкмөт өзү менен кошо парламентти ала кетүүнү, же «ала жатууну» көздөгөн. Аны премьер-министр Феликс Кулов, өзгөчө биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов ачык билдирди. Алар конституциянын жаңы редакциясынын 70 беренесине ылайык партиялык тизме менен шайлоо болмоюнча парламент өкмөттү түзө албайт деген жобого таянышууда.

Бирок, Жогорку Кеңеште кетүүчү маанай жок экени айкын болууда. Депутаттар кырдаалдан чыгуунун ар кандай жолдорун айта башташты. Маселен, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Эркин Алымбеков өкмөт жөнүндөгү мыйзамга ылайык президент жаңы өкмөттү курай алаарын, андан сырткары Жогорку Кеңеште деле партия атынан келген депутаттар бар экенин эске салат. Ал өзү жетекчилеринин бири болгон «Ата Мекен» партиясы мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыгын, бирок коопсуздук маселеси чочутуп турганын билдирди:

"Кеп депутаттык мандатта эмес. Аны биз ыктыярыбыз менен тапшырууга даярбыз. Бирок анын артында эмне турат? Кандай ал-абал түзүлүп кетет. Ошону мамлекет башчылары да салмактап, жоопкерчиликтүү чечим кабыл алса".

Эркин Алымбеков айтымында, Жогорку Кеңештин өз эркинче тарашы күмөндүү. Ошентип, Жогорку Кеңеш тарабай койгон шартта азыркы өкмөттүн абалы кандай болот? Ал канчага чейин милдетин аткаруучу болуп тура алат? Бул суроолорго юстиция министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыпов минтип жооп берди:

"2010-жылга чейин милдетин аткаруучу болуп тура беребиз. Өкмөт жөнүндө азыркы Конституцияда эч нерсе жазылган эмес. Жазылганы жаңы келген парламент шайлаш керек деген жери бар. Ошол жаңы парламент келгенче жүрө беребиз".

Ал эми президенттин жакын пикирлештеринин бири, коргоо министрининин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков парламент кетиш керек дейт:

"Бир гана жол бар-ал кетүү. Болбосо президент өзүнүн укугун колдонуш керек. Булар кетпеймин деген менен иши болбосо, мыйзамдар өтпөсө, өткөн мыйзамдардын баары конституцияга каршы келсе, менин оюмча мындай шартта президент жоопкерчиликти алып туруп, кетиш керек деген бекем сөзүн айтыш керек".

Өкмөт өзүнүн күндөлүк милдетин аткарууда. Маселен, ал бейшемби күнү кезектеги отурумуна чогулат. Маселелерди талкуулайт. Бирок парламент аркылуу чечилүүсү зарыл болгон, айрыкча энергетика тармагындагы маселелер эмне болот? Камбарата ГЭСтерин курууга жол ачылбай кала береби? Анткени толук кандуу өкмөт кезинде буларды парламенттен өткөрө албаган өкмөт, милдетин аткаруучу болуп турган шартта, парламент менен кырчылдашып калган кезде ишке ашыра алабы? Бул өтө күмөндүү.

Учурда Жогорку Кеңеш менен президенттик администрация өкүлдөрү абалдан чыгуу боюнча пикир алмашууда. Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев тастыктап, президент менен жолугушууну Жогорку Кеңештин комитет төрагалары, фракция жетекчилери сунушташтап жатканын, бирок анын мезгили аныктала электигин белгиледи.