Бүгүн Бишкек шаардык райондор аралык соту президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, УКК жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Жаныш Бакиевдин Жогорку Кеңешке каршы арызын канааттандырды. Соттун чечимине ылайык, эми парламент Жаныш Бакиевден кечирим суроого тийиш. "Матрешка" чагымынан жапа чеккен депутат Өмүрбек Текебаевдин өзү болсо “Азаттыкка” берген интервьюсунда сот чечимин жогору жактын көрсөтмөсү боюнча гана чыккан мыйзамсыз чечим деп билдирди.
УКК жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Жаныш Бакиев 5-сентябрда Варшава шаарынан депутат Өмүрбек Текебаевдин жүгүнөн баңгизат табылгандан кийинки жаңжалга байланыштуу кызматынан кетүүгө аргасыз болгон эле. Кийинчерээк ал Жогорку Кеңештин аны айыптаган токтомуна каршы болуп, негизсиз айыптагандыктан парламент кечирим сурасын деп Бишкек шаардык райондор аралык сотуна арыз жазган. 20-декабрда судья Жыргалбек Нурунбетов Бакиевдин өтүнүчүн канааттандырган чечимин чыгарды.
Ал эми Жогорку Кеңештин өкүлү Анарбек Шерикулов судьянын суроосуна жооп берип жатып, депутаттар токтомду кабыл алып жатканда өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кетишкен деген жүйөөгө кошула турганын айтты. Ошондой эле Башкы прокуратуранын өкүлдөрү да Бакиевди колдоп, анын арызын канааттандырууну суранышты. Жаныш Бакиевдин адвокаты Марат Султаналиев сот жараяны тууралуу оюн мындайча билдирди:
- Процесс жүрүп жатканда Жогорку Кеңештин өкүлү чындыгында Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кетти деп өзү мойнуна алды. Ошону менен сот чечимин чыгарды. Жогорку Кеңештин токтомун жокко чыгарды. Негизи генерал Бакиевге ачык-айрым айыптоолор жүрүп кеткен. Ошондуктан биздин экинчи талабыбыз ошол жазылган гезиттерге Жогорку Кеңеш төгүндөө берсин дегенбиз. Соттун экинчи чечими ушундай болду, - деди Марат Султаналиев.
Соттун мындай чечимине комментарий сурап биз депутат Иса Өмүркуловго кайрылдык. Анын оюнча, бул маселе эми Жогорку Кеңеште талкууланып, жаңы токтом кабыл алынышы мүмкүн.
Дал ушул ушул сот процессинин келип чыгышына себепчи болгон депутат Өмүрбек Текебаевге дагы биз соттон кийин кайрылдык. Экс-спикер бул чечимди мыйзамсыз кабыл алынган чечим деп баалады:
- Сот өзүмбилемдик кылып, мыйзам бузган чечим кабыл алды. Ал чечим мыйзамдык жактан негизсиз. Бул бүгүнкү соттун моралдык абалын көргөзөт. Жогору жактан айтса тууралап чечип бермей адаты дагы деле калбай отурат.
Ошондой эле депутат Өмүрбек Текебаев бул иш боюнча Жогорку Кеңештин мындан кийинки кадамдары тууралуу мындайча билдирүү жасады:
- Мындай кийинки инстанцияларга кайрылып көрөбүз. Болбосо тиешелүү чараларды көрүш керек. Мен Конституцияга ылайык сотторду чакырып алуунун негизги принциптери, шарттары тууралуу мыйзам иштеп чыгып жатам. Биз муну кабыл алышыбыз керек. Кээде сот мыйзамга туура келбеген иштерди дагы өзүм билемдик кылып чечип коюп атат. Мындай сотторду чакырып алып, үстүнөн иш козгоо механизмдерин биз мыйзамдаштырышыбыз керек.
Ошентип, сотттун чечими менен Жогорку Кеңештин ушул жылдын 22-сентябрында “Mатрешка” окуясына байланыштуу кабыл алган токтому жокко чыгарылып, парламент эми массалык маалымат каражаттары аркылуу Жаныш Бакиевден кечирим суроого милдеттендирилди. Эми депутаттар бул иш боюнча бир айдын ичинде жогорку инстанцияларга кайрылбаса, анда чечим күчүнө толук кирет.