15:32 Акыйкатчы АКШнын аскер кызматкери Хетвилдге байланыштуу ишти көзөмөлгө алат

“Манас” абамайданында АКШнын аскер кызматкери Закари Хэтфил атып өлтүргөн Александр Ивановдун жесири бул ишти көзөмөлгө алуусун өтүнүп кайрылганын Турсунбай Бакир уулу бүгүн билдирди. Акыйкатчы бул ишти жеке көзөмөлгө ала турганын белгиледи. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кемин районунун Кашкелең айылында маркум Эмилбек Жумабековду автоунаа менен тебелетип кеткен АКШнын атуулу Тафури Вильямды жоопко тартуу талабын коерун айтты.