Ушундай эле макулдашууга эки кыймылдын лидерлери мындан бир күн мурун кол коюшкан. Кечээ Палестина лидери Махмуд Аббас “ХАМАС” менен “ФАТХ” кыймылдарын өз ара араздашуусун токтотууга чакырды. ХАМАСтын мүчөсү, премьер-министр Исмаил Хания Палестин топтору бири-бири менен согушкандан көрө, болгон аракеттерин Израилге каршы жумшоо зарылчылыгын айтты.АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс да эки кыймылдын мүчөлөрүн элдешүүгө чакырган.