Айыл чарба министри Алексей Гордеевдин айтымында, бул тууралуу Евробиримдиктин жетекчилеринин бири Маркос Киприану менен Москвада болгон жолугушууда макулдашылды. Евробиримдик бул чечим боюнча эч кандай комментарий жасай элек. Болгария жана Румыния Евробиримдикке киргенден кийин Россияга сапатсыз эт келет деген кооптонуудан улам, Москва Евробиримдиктен этти алып кирүүгө тыюу салаарын билдирген эле.