20-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Красноярскдеги орус бийлиги 1628-жылдын 20-декабрында энесайлык кыргыздарга аскер жиберип, алардан 100 кундуз көлөмүндө албан алдырган. Пишпектеги кокон хандыгын чеби талкалангандыгы туурасындагы маалымат 1862-жылдын 20-декабрында орус падышасына билдирилген.
Орус бийлиги Сибирдеги саясий өкүмүн арттыруу максатында ынгайлуу жерлерге аскер ордосун орнотуп, сепилдерди курдура баштаган. Красноярскиге сепил салынгандан тарта орустардын аскердик артыкчылыгы артып, эми алар энесайлык кыргыздардан да албан алууну өнөкөткө айландырышкан. А. Дубенский 1628-жылдын 20-декабрында кыргыздарга аскерлерин жиберип, алардан 100 кундуз көлөмүндө албан алдырган.

Пишпектеги Кокон хандыгын чеби талкалангандыгы туурасындагы маалымат 1862-жылдын 20-декабрында орус падышасына билдирилген. Орус аскерлери ушул жылдын күз айында Кокон хандыгына оор сокку уруп, Пишпек шаарын бошоткон. Хандык аскерлер кайра кайтып чепти коргонуу макксатында колдонбошу үчүн Өзүнчө Сибирь корпусунун командири А. О. Дюгамель чепти талкалоого буйрук берген. Чепти бузууга орус аскерлери менен Байтик батырдын адамдары тартылып, алар коргон дубалды күнү-түнү бузуп, аны колдонууга жарамсыз абалга келтиришкен.

Кыргызстан аймагында кулач жайган большевиктердин фронтко жардам кыймылынын жумалыгы 1920-жылдын 20-декабрында соңуна чыкты.

Кыргыз автономиялык Областтын Революциялык комитетинин Президиуму 1924-жылдын 20-декабрында илим-изилдөө иштерин жетектөө боюнча Академиялык борборду ачуу туурасында токтом кабыл алган. Академиялык борбор кыргыз тарыхын, маданиятын жана искусство үлгүлөрүн калыбына келтирип, калк арасынан маданият мурастарын жыйноо боюнча эбегейсиз иш алып барган. Илим-изилдөө борборуна кыргыз калкынын адегендеги интеллигенция өкүлдөрү чогулуп, алар азыркы кыргыз тил жана адабиятынын калыптанышына, маданият кыртышынын түптөлүшүнө атан төө көтөргүз салым кошушкан.

1917-жылкы октябрь революциясынан кийин, совет өлкөсүндө оор экономикалык кырдаал жаралган. Совет мамлекетиндеги граждандык согуш, уланып аткан чакта, тышкы интервенция уланып, ал тамак-аш тартыштыгы менен коштолуп турган. Мындай кырдаалдан чыгуу максатында Түркстан борбордук аткаруу комитети 1918-жылы бүткүл жеке чарба ээлеринен мамлекет казынасына кирешенин 10% бөлүү туурасында буйрук чыгарган. БАКтын буйругуна жараша 1918-жылдын 20-декабрына чейин Пишпек уездинин бай, манаптары менен кулактар казынага 2 млн. рубль төгүүгө милдеттендирилген.

Президент Аскар Акаевдин 2003-жылды «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы», - деп жарыялоо демилгеси Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жактырылды. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2002-жылдын 20-декабрында өткөн 57-сессиясынын 78-жыйынында «2003-жыл Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жылы» жана «2002-жыл эларалык Тоо жылы» деп жарыялоо туурасындагы Кыргызстандын сунушу кабыл алынган.

Бу күнү, 1938-жылы Москвада Мамлекеттик тарых китепканасы ачылып, 1944-жылы СССР медицина Академиясы ишке киришип, 1898-жылы советтик химик, академик Алексей Баландин, 1940-жылы атактуу юрист Тельман Гдлян, 1909-жылы котормочу Сүйүнбек Бектурсунов жарык дүйнөгө келген.