10:00 Жогорку Кеңеш ХИПК программасына кирүүнүн кереги барбы деген маселени талкуулап баштады

Депутаттар алдына каржы жана экономика министри Акылбек Жапаров келди. Бирок, депутаттар премьер-министр Ф. Куловдун же биринчи вице-премьер-министр Д. Үсөновдун келишин талап кылып жатышат. Парламент өткөн бейшембиде бул маселе боюнча токтом кабыл алып, маселе Жогорку Кеңеште талкууланмайын өкмөттү ХИПКке кирүү боюнча документке кол койбой турууга чакырган. SM)