9:15 К. Бакиев: Түндүк-түштүк маселесин оппозициячыл саясатчылар курчутуп жатат

Түз эфир учурунда берилген "Бакиев келгени түндүк-түштүк маселеси курчуп кетти дегенге кандай карайсыз" деген суроого мамлекет башчысы "муну мен эмес, оппозиция ойлоп таап жатат, 2-ноябрда митингге чыккандар муну курчутуп жатат, мындай саясатчылар кыргыз элинин душманы» деп жооп берди. Президент ошондой эле өмүр бою өндүрүштө иштегендиктен мындай маселеден алыстыгын, түндүк-түштүк маселесин таптакыр унутуу зарылдыгын белгиледи.(SM)