Москвада Кыргызстандын атуулу өлтүрүлдү

16-декабрда Москва шаарынын Жуковский көчөсүндөгү үйдүн короосунан Кыргызстан атуулунун өлүгү табылган. Ал жерге келген милиция кызматкерлери жана эксперттер кыргызстандыктын денесине 50 дан ашык бычак урулганын маалымдашты . Иликтөө иштерин баштаган кызматкерлердин айтымында өлгөн кыргыз атуулу үч жылдан бери Москвада жашап, иштеп жүргөн,-деп кабарлайт бүгүн «Интерфакс» агентиги.