ПАЛЕСТИН АВТОНОМИЯСЫНДАГЫ КЫРДААЛ КУРЧ БОЙДОН КАЛУУДА

Баян Жумакадыр кызы, Прага Кечээ "Хамастын" 100 миңге жакын тарапкерлери автономиянын аймагында митингдерди өткөрүп, премьер министр Исмаил Ханияга колдоо көрсөтүштү. Радикалдуу исламдык Хамас өкмөтү президент Махмуд Аббастын бүгүн парламентте жасай турган кайрылуусун бойкоттой турганын жарыялашты. "Фатах" кыймылынын лидери Махмуд Аббас өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоо же референдум өткөрүү жөнүндө жарыя кылышы мүмкүн.
Мындай кадамга өткөн күндөрү радикал-исламчыл "Хамастын" тарапкерлери менен президент Махмуд Аббастын тарапкерлеринин ортосунда орун алган кагылышуулар себеп. Рейтер кабар агенттигинин маалыматына караганда, кечээ Рамаллада демонстрацияга чыккан "Хамас" тарапкерлерине Аббаска берилген күчтөр ок ачышкан. Бүгүн Газа тилкесинде "Хамас" менен "Фатах" кыймылдарынын тарапкерлеринин өз ара кагылышуулары орун алды.

Баш аламандыктар 14-декабрде кечинде куралчан адамдар Жакынкы Чыгыш сапарынан кайтып келаткан премьер Исмаил Ханиянын кортеджин аткылагандан башталган. Натыйжада Ханиянын бир сакчысы курман болуп, бир нече киши, алардын ичинде Ханиянын кеңешчиси болуп иштеген уулу, жаракат алган. Бул окуядан кийин Хания мындай аракеттерге жооп кайтарыла турганын эскертти:

-Палестин өкмөтү мындай жорукка унчукпастан карап отурбайт, биз бул окуянын бир нече сааттын ичинде териштиребиз. Бизге ок атуунун артында кимдер турганын айкындаган маалыматтар келип түштү,- деди премьер.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо же бүткүл элдик референдум өткөрүү менен президент Аббас Хамас радикалдуу исламчылары жетектеген өкмөт менен өзү жетектеген "Фатах" кыймылынын ортосундагы саясий кризисти жөнгө салууга үмүттөнөт. Элдик биримдик өкмөтүн түзүү боюнча бир нече ай бою жүргүзүлүп келген өз ара сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок.

Палестин автономиясында түзүлгөн кооптуу кырдаалга байланышту Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Иорданиянын падышасына, Россиянын өкмөтүнө жана "Хамас" менен "Фатах" уюмдарына кайрылып, региондогу абалды турукташтыруу үчүн колдо болгон бардык аракетти жасоону талап кылды.