13:02 Жаныш Бакиевдин парламентке каршы берген арызын кароо кийинкиге калтырылды

Бишкек район аралык экономикалык соту бүгүн Жаныш Бакиевдин парламентке каршы арызын карамак. Бирок Жогорку Кеңештен барган өкүл даярданып алууга бир жума убакыт сурагандыктан сот кийинкиге жылдырылды. Жаныш Бакиев депутат Өмүрбек Текебаевдин жүгүнө баңгизат салынышы боюнча анын аты парламент трибунасынан аталгандыгы үчүн Жогорку Кеңеш кечирим сурашы керек деп эсептейт.