Евробиримдиктин эксперттери 2005-жылкы Анжиян коогасын талкуулоо үчүн кечээ Анжиянга келишти

Топтун мүчөлөрү убакыт чектелүү болгонуна байланыштуу карапайым эл менен кездеше албай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен гана жолугушту. Өзбек бийлиги Анжияндагы баш аламандыктарда курман болгон 187 адамды экстремисттик топтун мүчөлөрү деп айтып келет, укук коргоочулар болсо аскерлер куралсыз жүздөгөн жарандарга ок атышкан деп бийликти күнөөлөшүүдө.