9:54 Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы визасыз катнаш боюнча келишимди ратификациялады

Бул келишимге ылайык, эки өлкө атуулдары 60 күнгө чейин бири-биринин аймагында визасыз жүрө алат. Өз ара визасыз карым-катнаш боюнча эки тараптуу келишимге кыргыз президенти Курманбек Бакиев быйыл 3-4-октябрда Ташкенге расмий сапар менен барган учурда кол коюлган.(SM)