Жаңыл Жусубжан 2000-жылы шайланып, 2004-жылы кайра шайланганда АКШнын президенти Жорж Буш өзүн "согуш президентимин " деп мүнөздөгөн. Ошол кездеп, америкалыктардын көпчүлүгү аны колунан иш келген чечкиндүү жетекчи катары билишчү. Бирок, быйыл (2006-жылы) шайлоочулар аны асмандан жерге түшүргөндөй эле кылышты. Буштун Республикачыл партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлерди колдогондун ордуна алар Конгресстин эки палатасынын тең чылбырын оппозициядагы демократтарга берип коюшту.
- Американын эли биринчи кезекте Ирактагы согушка байланыштуу жаңы багытты талап кылды. "Азыркы багытты сактап калуу" аракетинен майнап чыкпай жатат. Анткени, андан биздин өлкөнүн коопсуздугу бекемделген жок, аскерлердин алдындагы милдеттерибиз аткарылган жок, аймакка стабилдүүлүк орногон жок. Биз бул катастрофалуу жолдон баш тартышыбыз керек.
Ноябрда шайлоочулар эки палатанын тең көзөмөлүн АКШнын президенти Жорж Буштун Республикачыл партиясынан тартып алгандан кийин Демократиялык партиянын жетекчиси Нэнси Пелози ушундай билдирүү жасады. Пелози АКШнын өкүлдөр палатасынын тунгуч төрайымы болуп калат деп күтүлүүдө. Сенаттагы демократтар сыңарындай эле ал да Буштун Ирак саясатынан тартып, анын экономикалык ишмердүүлүгүнө чейин тыкыр көз салып турууга сөз берди.
Жорж Буш жеңилгенин моюнга албаганы менен, бирок демократтар үстөмдүк кылган конгресс менен жакындан иштешүү ниетин билдирди. Ошол эле убакта Конгрессти 12 жыл башкарып турган республикачылардын утулушуна Ирак согушу түрткү болгонун мындайча белгиледи:
– Шайлоонун жыйынтыгы көп жагынан Иракка байланыштуу болду. Башка факторлор да бар. Эл Конгресстин абийирдүү, акыйат болушун каалайт. Ошентсе да, шайлоочулардын оюнда биринчи кезекте Ирак болгондугу шексиз.
Ирак жана Ооганстандагы согуштардан улам карызга белчесинен батканн экономика да республикачылардын жеңилишине түрткү болгон негизги жагдайлардын бири болду. Бүгүн АКШнын улуттук карызы 8.6 триллион доллар, башкача айтканда Жорж Буш мындан алты жыл мурда бийликке келгендегиден дээрлик эки эсеге көп. Экономика өнүгүп, жумушчу орундары көбөйүп, өндүрүмдүүлүк күчөп жатканы менен, өткөн айдагы добуш берүүдөн шайлоочулар өздөрүнүн финансылык жыргалчылыгын республикачыларга ишенип тапшыргылары келбегени анык болду.
Жорж Буштун мамлекеттик жетекчи катары аброюна 2005-жылдагы Катрина бороону жана анын кесепеттери да оңолгустай сокку урду. Бул тууралуу Виржиния университетинин Саясат таануу борборунун директору Ларри Сабато мындай дейт:
- Президент Буш чечкиндүү, колунан иш келген, компетенттүү жетекчи деген даңкынан ажырап, эч нерсе колунан келбеген, эч нерсени аягына чыгара албаган, көңүл кош жетекчи болуп чыга келди. Балким бул мүнөздөмө чындык менен дал келбейт, бирок азыр Катрина бороонунан жапа чеккен Луизиана, Миссисипи штаттарынын тургундары гана эмес, бүт Американын эли ушинтип ойлойт.
Буш 11-сентбярдан кийинки мезгилдеги популярдуулугун калыбына келтире алабы, айтуу кыйын, анткени анын негизги баш оорусу болгон Ирак согушунун түйүнү чырмалышкан бойдон кала берүүдө.